04-21-2016

1850

Сайра Батыркулова "Кыргыз радиосунда" конокто болду.

"2005-жылы бактылуу кокустуктан улам театрдан радиого келип ушул студияда алгачкы жолу тердеп-кургап эфирге чыкканым эсимде . Бул студия мен үчүн ыйык да куттуу да! Микрофон менен таанышып тушоом кесилген, мен үчүн ак жолтой студияга коноко бардым. Радио тармагында жол көрсөтүп, акыл кеңеш айткан, дайыма үлгү кылган, сыйым артып сыйлаган, урматтаган устат эжелер арбын. КРнын маданиятына эмгек сиңирген ишмер Жамила Маматова эже да мен аябай баалаган, кадырлаган инсан. Төркүнүнө келип төгүлгөндөй, эже экөөбүз "Түз эфирдеги жолугушууда " кенен кесир сырдашып бир сааттык эфир көз ачып жумганча бир дем менен өттү. Кызмат кылган студияга конок болууда өзгөчө экен. Он жыл мурун эфирге чыккандымды, унута элек угармандар да чалып сүйүнтүштү. Айтылган каалоо тилектер демиме дем, сезимиме канат болду. Кыргыз радио бирикмеси быйыл 85-жылдыгын белгилейт. Залкарлар баскан жерде басып, ушундай куттуу жерде кыбырап, көптүн бири болуп иштеп жүргөнүмө сүйүндүм. Радиону сүйөм, микрафонду сүйөм! 

Сонун мүмкүнчүлүк түзгөн Жамила эжеге анан эфир учурунда мергенчидей мээлеп сүрөткө тартып кеткен Бермет Камбарбековага рахмат."

деп өзүнүн фейсбуктагы баракчасына жазып чыкты. 

Сайра Батыркулова кезинде "21-кылым" радиосунда иштеген. Учурда Кыргызстандын биринчи маалымат булагы болгон "Биринчи радиодо" иштейт.

Көп окумдуу