04-21-2016

1103

Элзар Сыдыков “Атамдын эскерүү” концертин өткөрмөйүнчө жеке концетимди бербейм!

Кыргызда, “Атадан кем уул,атага тең уул,атадан артык уул”,- дегендей атага тең уул, Кыргыз эли сүйүп уккан “Кыргызстан Обондору” ырын жазган белгилүү Жалил Сыдыковдун уулу Элзар Сыдыков “Манас ФМ” радиосунун "Алтын микрофон" уктуруусунда конокто болду. Аны Кундуз Авашева алып барды. Экөөнүн маеги ар түрдүү темаларды камтыды. Бирок ошентсе да, Элзардын атасы тууралуу эскерүүлөрү, келечеке пландары биринчи орунга чыкты көрүнөт. Ал “Бала кезимден атамды ээрчип жүрүп чыгармачылыкка, бышкам. Сүйүнгөнүм, “Сезбейсиң го” деген ырды жаздырып алгач атама угузганда абдан кубанган! Анткени, ал ырды атам апама арнап чыгарыптыр. Азыр ага дагы  бир өмүр берип ,жаңы шөкөттөө,жаңы клип менен ыр сүйүүчүлөрүнүн жан дүйнөсүнө гүл десте катары сунсам деген ойдо турам. Ага өмүрлүк жарым экөөбүз тартылган да клип бар.” деди. Андан ары кебин улап, “Буйурса, күркүрөгөн күз айларында атамды эскерүү кечеси жана китептин бет ачаарын жасайбыз. Ошол ойлорубуз ишке ашкандан кийин гана жеке концерт берүү тууралуу чечимге келем. Анан дайарданам” деп кошумчалады. Эфирде угармандар жөнөткөн суроолорго жооп берүү менен кызыктуусуна, белек да бергенге үлгүрдү. Жалпысынан романтикалуу программа болду.

Көп окумдуу