04-22-2016

1063

Мээрим Карыпова, дастанчы, аткаруучу: “12-13 жашымда эле устатыма бата берген улуу залкарлардын батасын алгам”

Бүгүн “Манас ФМ” радиосундагы “Алтын микрофон” уктуруусунда Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясынын “Эл ырчысы Эстебес” тобунун солисти, дастанчы, аткаруучу Мээрим Карыпова конокто болду. Аталган радиосунун угармандары Мээрим айымдын аткаруусундагы жаңы “Ден-соолук” аталыштагы чыгармасына күбө болушту.

Мээрим Карыпова: “Кыргызда батанын өзгөчө орду бар. Мен да батага өзгөчө көңүл бурам. Бата - күч да, дем да, кубат да, кудурет да, ишеним, эрк да, баары. КРнын эмгек сиңирген артисти С.Бейшекеев байкенин аткаруусунда бул ырын угуп жүрүп, бир жолу байкеге чалдым. Ушул ырды ырдайын дедим эле, автору сизсиз да уруксаат бересизби десем, “мен автору эмесмин, автору белгисиз мейли ырда”, - деди. Аракет кылып ырдадым.”

Эфирдин жүрүшүндө Мээрим айымдын чыгармачылыгында чоң жаңылыктар болуп жатканын айтып, PR-менеджер менен да иштеп жатканын да ырастады.

Мээрим Карыпова: “Атаандаштык болбосо өсүү болбойт, андыктан мен да чыгармачылыкта ар күнү изденүүдөмүн. Бүгүнкү күндө элди таң калдырыш кыйын. Ошон үчүн көп изденем. Ыр сүйүүчүлөрдүн жүрөгүн өзгөчө нерсе менен алгым келет. Буйруса, жакшы жаңылыгым менен ар дайым күйөрмандарымды кубантып турам”, - деп жагымдуу нотада эфир да аяктады. Маектешкен Кундуз Авашева болду.

Көп окумдуу