04-22-2016

1999

Кыял Батырканова ,“Тийбесе экен” деген ырды жолдошуна арнап аткарган.

Бүгүн, "Кыргызстан Обондору" радиосундагы кечки саат 17:00-19:00- чейинки “Тентек микрофон” программасында, Кыргыз Республикасынын Эл артисти Шахра Талипованын кызы Кыял Батырканова конокто болду.

Кыял айым жакында эле “Тийбесе экен” деген ыр жаздырып,ал  Кыргызстандагы баардык үн алгыдан кетип атканын айтты.

Кыялдын айтуусу боюнча,чыгарманын үстүнөн үч ай иштептир.

 Ырдын сөзү: Жыпара Исабаевага,обону : Съездбек Искеналиевге таандык.

Жаңы ырды  жолдошуна арнап ырдап,жакынкы күндөрү, ал ырга клип тарттырам деп чыгармачылыктагы жаңылыктары менен бөлүшүп,наристе күтүп жатканын айтты.

Эфирдин жүрүшүндө  угармандар менен гана чектелбестен чыгармачылыкта жүргөн кыргыздын сыймыктуу кыздарынын бири Мээрим Карыпованы да тамашага салышты. Тамаша өзүнүн максатына жетти.

Тентектердин тамашасы ,аны менен бирге Кыял айымдын жандуу үн менен ырдаганы берүүнү кооздоп турду. Эки сааттык  берүүнү Дария Санташева жана  Арсен Курамаев алып барды.

Көп окумдуу