04-25-2016

994

Нурлан Алакуновго алгачкы упайды ким жеңип берди?

«Санжыра» радиосундагы эки сааттык  «Селкинчек»  долбоорунда конокто:  Бишкек шаардык мэриясынын  алдындагы «Кыргыз руху» тобунун солисти Нурлан Алакунов жана “Маданияттын мыкты кызматкери”  Акак Таиева болду.

  Алгач түз эфирде алып баруучулар макал айтышып ,тактап айтканда алып баруучулар өз-өзүнчө топ болуп(Нурлан мырза жана Алмагүл,Акак айым жана Кубаныч ),бир мүнөттүн ичинде алгачкы упайды  Нурлан мырзанын капчыгына Алмагүл жеңип берди.

Жети дубандын радиосүйүүчүлөрүнүн  көңүлүн обондуу ырлар көкөлөтүп,телефон чалышып,аткаруучуларга жылуу сөздөрүн арнап билдирүүлөрдү жөнөтүп жатышты.

Өз кезегинде аткаруучулар да селкинчекти күүлөнтүп, ар кыл темадагы ырларды алым- сабак ырдап, жан дүйнөгө азык тартуулап  жатышты.

Берүүнүн соңунда Нурлан мырза- 48 упай; Акак айым -29 упайга ээ болушту. Эфирде кызматта: Алмагүл Турдалиева жана Кубаныч Султанов болду.

Көп окумдуу