04-26-2016

1538

Азамат Сарыбаев: “ Селкинчек” долбоорунда кимге “Мажүрүм тал” ырын арнады?

“Санжыра” радиосунун толкунунда “Селкинчек” программасында конокто: Рыспай Абдыкадыров, Асанкалый Керимбаевдин ырларын жогорку деңгээлде аткарган таланттуу ырчы Айпери Кулбаева жана салмактуу ырларды жүрөккө жеткире ырдаган Маданияттын мыкты кызматкери Азамат Сарыбаев селкинчекти күүлөнтүштү.

Берүүнүн башында алып баруучулар менен ырчы коноктор экиге бөлүнүп (Азамат мырза жана Алмагүл, Айпери айым жана Кубаныч) макал айтышышты. Алгачкы бир мүнөттүн ичинде биринчи упайды Азамат мырзанын капчыгына Алмагүл жеңип берип, кызыктуу макал айтыш болду.

 Ошондой эле обондуу ырларга кезек келгенде Азамат мырза Айперини “Мажүрүм талга” чакырып ырдаса, Айпери айым, Майрамбек Осмоновго таандык “Жалгыз уя” ыры менен жооп кайтарды.

 Уктуруунун угармандарга өзгөчө маанай тартуулаганы алкышын айтып, жылуу сөзүн арнаган куйөрмандардын түз байланышка чыгуусунан байкалды. Эки саат ичинде Азамат менен Айпери жүрөккө жакын мыкты ырларды, көңүлдү көкөлөткөн обондорду созушту.

Көп окумдуу