04-27-2016

2836

Айпери Кулбаева, ырчы: "Менеджер, продюсер менен иштешүү туурасында ойлонгон эмесмин. Мени жолдошум колдойт"

27.04.2016. саат 14:00 дөн 15:00гө чейин “Манас ФМ” радиосунда Кундуз Авашеванын алып баруусундагы “Алтын микрофон” программасында конокто ырчы, аткаруучу Айпери Кулбаева болду. Берүүнүн жүрүшүндө Айпери айым Түмөнбай Колдошевге таандык, “Сагындыңбы мен да сагындым” ыры аркылуу мени  көпчүлүк жакшы билишерин айтып, буларга токтолду: “Менеджер, продюсер менен иштегенге деле кызыкпапмын, болгону чыгармачылыгымды жолдошум колдойт. Мурда лирикалык ырларды ырдасам, бүгүнкү күндө тематикалык ырларга көп кайрылып жатам. Жакында сөзү: М. Тиллебаевге, обону: Г. Айдосовага таандык “Картайбачы, апаке” деген ырды аткарып чыктым эле, угармандарым жактырышууда.”

Ошондой эле ырчы айым “20 жылдан кийин да элге талантымды тартуулап, илим жаатындагы инсан болом”, - деген ойлору менен бөлүштү. Радионун угармандары жана ырчынын күйөрмандары тараптан SMS билдирүүлөр аркылуу суроолор келип жатты. Алардын ичинен Айпери Кулбаевага жаккан суроо “Апаңызга чалып турасызбы?” деген суроо болду. Мындай суроону узаткан күйөрманына ырчы атайын дайындап келген белегин каллтырып кетти.

Көп окумдуу