04-28-2016

2192

"Санжыра" радиосу. Токтобек Асаналиев “Кечиккен махабатты” созсо, Кымбат Самудинова “Булбулун” боздотту


Таланты менен көпчүлүктүн сый-урматына татыган ырчы Токтобек Асаналиев жана үч кыл комузда кол ойнотуу менен мукам кайрыктарды созолонткон кыргыздын кымбат кыздарынын бири ырчы, аткаруучу Кымбат Самудинова Санжыра радиосунун “Селкинчек” долбоорунда конокто болушту.

Берүүгө өзгөчө шаң кошкон Токтобек мырза менен Кымбат айым мыкты делген ырларды ырдап, обондорду созуп, угармандар менен түз ободо баарлашышты. Токтобек Асаналиевди Кымбат Самудинова “Булбулуна” (автор: Элмирбек Иманалиев) теңесе, ага жооп кылып Токтобек мырза Асанкалый Керимбаевдин “Кечиккен махабатын” созду.

Уктуруунун жүрүшү SMS билдирүүлөр аркылуу радионун угармандары жана ырчылардын күйөрмандары тараптан жылуу сөздөр, каалоо-тилектер, колдоолор менен коштолуп турду. Көпчүлүк угармандар Токтобек Асаналиевдин 1-2-майда боло турган «Кылым жүзү» деген аталыштагы жеке концертине ийгилик каалап, аншлаг менен өтүшүнө тилектештигин билдирип жатышты.

Радиоугармандардын сөзүн улай Токтобек Асаналиев дагы буларга токтолуп өттү: “Концертте ар тармакта өзүнүн кесибин мыкты билген 200гө жакын артисттердин катышуусунда кызуу даярдык жүрүп жатат. Буюрса, концерт өзгөчө нукта жана жогорку деңгээлде өтөт деп ишенимдүү айта алам.”

Керемет кайрыктарды керилте созгон эки ырчынын катышуусундагы бул уктуруу дагы шаңдуу маанайда өз соңуна чыкты.


  


  

Көп окумдуу