04-30-2016

1236

Алмаз Темирбеков : «Бала кезинде эле ырдап эн алгачкы дебютун жасаптыр».

"Миң кыял FM" . "Дебют" программасы - шоу дүйнөгө жаңыдан кадам таштап жаткан жаш ырчы,аткаруучу Алмаз Темирбековдун чыгармачылык бейнесине баш бакты. 

Алмаз бала кезинен эле ырдап эн алгачкы дебютун жасаптыр. «Бек Борбиев топ ачып ошол жерде ырдап журдум, андан соң ал топ чачырап кетти. 

Кээ бирлери үйлөндү, мен эле чыгармачылыкта калдым. Жол көрсөтүп,кандай ырды ырдап,кайсыл студияга барып жаздырыш керек экенинен бери айтып, багыт берген Бек Борбиев. Бала кезимен эле Бек Борбиевдин,Динара Акулованын чыгармачылыгын баалайм. Жүрөгүмө Бек Борбиевтин «Алло жаным» ыры жакын болуп ал ыр менен көпчүлүккө таанылдым.Учурда мамлекеттик кызматта иштейм. Дипломатиялык Академияда билим алып жатам. Жан дүйнөмө чыгармачылык жакын,ошон үчүн ал биринчи жумушум . 

Алмаз мырза: «Кээ бирде жумушта олтуруп да ырдаарын айтты». Жумуштан чыгып чыгармачылыкка бөлгөн убакыт абдан жагат. Мен үчүн бул бактылуу мүнөттөр, тынч, эч жакка шашпайсын. Эфирдин жүрүшүндө Алмаз өзгөчө толкундоо менен чыгармачылык тууралуу ойлору менен бөлүшүп, жакында сонун ырларды, клиптерди күйөрмандарыма тартуулап дагы да талыкпай эмгек кылаарын айтып өтту.

Программаны алып барган: Улан Улукболсун.

Көп окумдуу