05-10-2016

1633

Нурболот Тенизбек, "Чоро" тобунун ырчысы: "Май айы - майрамдарга бай айы болуп, жакшы башталды"

“Манас ФМ”. “Алтын микрофон” уктуруусунун бүгүнкү коногу “Чоро” тобунун солисти Нурболот Теңизбек.

Уктуруунун алып баруучусу Кундуз Авашова түз ободо Нурболотко өз суроолорун узатып, ошондой эле туз байланышка чыккан угармандардын да суроолорун кезеги менен узатып жатты. Алгач эле, “Чоро” тобунун кандайча түзүлүп калганына жана кандай ийгиликтерге жетише алганына кызыккан күйөрмандарына Нурболот мындайча жооп берди:

- “Чоро” тобу кечээ эле түзүлгөндөй сезилет, көз ачып жумгуча 4 жыл болуп калды. Биздин топ башынан эле фестиваль, конкурска катышуудан баштады. Алардын бири “Фрунзе Life” деген инструменталдык конкурска катышып Гран При утуп алдык. “Чоро” - деп аталганынын себеби кыргыз эстрадасынын түптөөчүлөрүнүн бири Чоро Кожомжаровдун ысымын өчүрбөй, дагы да даңазалоо максатыбыз. 2013- жылы “Тurkvizion” сынагына Кыргызстандын атынан кароо сынакка катышып келдик. Эл аралык сынак болуп жатканынан аябай даярдандык. Барганда эле бир башкача сезим болду, бир туугандар менен жоолугуп жаткандай бири-бирибизди жылуу кабыл алдык. 24-мамлекет катышты, күчтүү вокалисттер чогулду. Ал сынактан биздин топ финалга жолдомо алдык. Бат эле өтүп кетти бир жума.

Угармандар тараптан келген топтун курамындагы балдар туурасындагы, күйөрмандары жана акыркы жаңылыктары туурасындагы суроолорго да жооп берди.

- Топтогу балдардын баары таланттуу. Марат Абылов экөөбүз бир тууганбыз. Ал да бир нече инструментте ойнойт. Бексултан комуз плектордо ойнойт, бэк вокалдарды алат, ырдап коймой жайы бар. Улан да ырдайт. Ырда десем балдар өзүң эле ырда деп болушпайт.

- “Күйөрмандарыбыз аябай тартиптүү мамиле кылышат, чектен ашкандары болгон жок. Кайсыл ырчынын ырларын жакшы көрүп угасыз деген суроого? Биздин эстрададабы, чет жактабы көп ырчылардын ырын  жакшы көрүп угам, атайы бир адамдын кумир туткан эмесмин. Биздин үй-бүлөнүн көптөн күткөн майрамы Жаңы жыл. Жыл сайын кезек-кезек менен бир туугандар чогулуп тособуз. Үй- бүлөдө баардыгы чыгармачыл адамдар -Бакыт атам, Күмөндөр атам.

- Май айы - майрамдарга бай айы болуп, жакшы башталды. Жакында эле тартылып, кинотеатрлардан көрсөтулүп жаткан “Ызы чуу” кинокомедиясына саундтрек жаздырдык жана  жаш ырчы жигит Айбек Бакытбеков менен биздин топ,Кадыраалы Артыковго таандык  "Балыкты эңсөө"- деген ырын бирге аткардык. Ал чыгарманы радиолордон уксаңыздар болот. Жаңы эмгектердин үстүнөн иштеп жатабыз. Жакынкы күндөрү жаңы клип, жаңы чыгармаларга күбө болуп каласыздар. Буюрса, кеч күздө чыгармачыл кечебизди өткөрсөкпү деп турабыз. Негизинен биздин топ жандуу үндү жайылтуу максатында түзүлгөнбүз да, анан жети дубанды кыдырып концерт койсокпу деген да ой бар.

Көп окумдуу