05-12-2016

1132

"Кыргызстан Обондору". Мирлан Абдыраев "Тойго барып музыканттын музыка ойноп жатканын көрүп , музыкага болгон кызыгуу башталган".

“Талбай таңшы” программасынын кезектеги чыгарылышында обончу,аранжировщик,аткаруучу Мирлан Абдыраевдин чыгармачылык бейнесине баш багып,музыкага болгон кызыгуусу,жашоосу тууралуу сөз болду.

Студияда чыгармачылыктагы кесиптештери Акбар Сүйүнбаев,Ильяз Андаш,Кайрат Примбердиев,Элиза Орозова ,Иса Өмүркуловтор болуп  Мирлан мырзага таандык ырларды жандуу ырдап угармандарга өзгөчө маанай тартуулашты.

Мирлан мырзага берилген суроолорго жооп берип жатып төмөнкүлөргө токтолду:

Бешинчи-алтынчы класста окуп жүргөндө ата-энем музыкалык мектепке берген, бир күнү таякемдикине тойго барып ошондо музыканттын музыка ойноп жатканын көрүп , музыкага болгон кызыгуу   башталган.Көбүнесе жалгыз болгондо анан эртең менен эрте турганда илхам келет.

Чыгармачылыктагы достору:

  • Акбар Сүйүнбаев:  “Сени тандадым” –деген ырды мен үйлөнөм деп жүргөндө аяшыма менден белек болсун деп берген,угармандар да бул ырды  жакшы кабыл алышты.  Негизи биз Мирлан экөөбүз чыгармачылыктагы достордонбуз.
  • Ильяз Андаш: Репертуарымда отузга жакын ыр болсо ошонун жарымы Мирланга таандык,учурда популярдуу болуп жаткан “Кыздар”-деген ырда Мирландыкы.
  • Кайрат Примбердиев:  Аябай позитивдүү,шайыр,жөнөкөй,адамкерчиликтүүлүгүн баалайм,бир жакка барып калганыбызда бир сөздү айтып алып басып кетет,биз боорубуз эзилип эле калабыз.
  • Элиза Орозова  : Мирлан менен иштеш оңой жана жазып берген обондору купулума толот ошон үчүн Миланга кайрылам деп жакшы маанайда,сонун кайрыктардын коштоосунда берүү да соңуна келди. 

Программаны алып баргандар:  Нурзада Жолдошева жана Аскат Алдашев кызматта болду.

Көп окумдуу