05-16-2016

3150

“ЭлФМ” радиосунун үнүн бийик чыгарып, кулакка жагымдуу эфирди “туптунук” укса болот.

7-май радио күнүн алдында “ТМС”тин Директору Тынчтыкбек Кожобеков “ ЭлТР”нын Башкы директору Айбек Мусаев жолугушуп, “ЭлФМ” радиосунун Бишкек-Чүй аймагы боюнча сигналы абдан начар экендигин айтып, аны оңдоп түзөтүү керек экендигин талкуулашкан. Ал маселе оңунан чечилди. Эми Бишкек жана Чүй өрөөнүнүн тургундары “ЭлФМ” радиосунун үнүн бийик чыгарып, кулакка жагымдуу эфирди “туптунук” укса болот. Эсиңиздерге сала кетели “Эл ФМ” Ош шаарынан обого чыгат. Анын жалпы эфирдик убактысы 17 саат. “М Вектордун” иликтөөлөрүнө ылайык Ош, Баткен жана Жалал-Абад өрөндөрүндө эл көп уккан радиолордун алдыңкы үчтүгүнө кирет. 2016-жылы Бишкекте радионун өкүлчүлүгүн ачуу пландалып жатканын ЭлТРнын администрациясы билдирет.

 Учурда “Эл ФМ” радиосун “ТМС”тин платформасынан да угууга мүмкүн. Шилтеме: http://tms.kg/radiouk

Көп окумдуу