05-17-2016

3171

Сүйүнчү! Заманбап ди-джей деген түшүнүктү алып келгендердин сап башында турган алтын үндүн ээси Эльмара Турсуналиева кечээ түнү кырк жылкылуу болду.

 

Сүйүнчү! Кыргыз радиоиндустриясында өзгөчө орду бар, заманбап ди-джей деген түшүнүктү алып келгендердин сап башында турган алтын үндүн ээси Эльмара Турсуналиева кечээ түнү кырк жылкылуу болду. Кыргызда жакшы сөз бар эмеспи: “Кырктын кыры уланып, Кызды берди Кудайым, деген,- анын сыңары, “Кырктын кырында”- 2 кг 800 грамм салмакта кыздуу болдум”- деп маңдайы жарыла сүйүнүчү менен Эльмара айым бөлүштү. Кызым менин шартыма аябай түшүнүп мени көп кыйнаган жок, анткени “Сармерден” долбооруна даярдык көрүп даярдоо иштери менен жүрүп,баардык иштер бүткөндө анан жарык дүйнөгө келди. Баса, белгилей кетчү нерсе буга чейин Эльмара Турсуналиева эмгек жолун : 21-кылым радиосунда алып баруучу, ал эми “ Кыргызстан обондору” радиосунда Кыргызстандагы эң алгачкы ди- джейлер мектебинин негиздөөчүлөрүнүн бири ,учурда Кыргыз радиосунда алып баруучу. Эльмара Турсуналиеванын үнү радио, концерт, тойлордо жана мамлекеттик маанилүү иш-чараларда тынымсыз жаңырып келет. Кызыңыз кыргыздын учугун улаган өмүрлүү,ырыс кешиктүү,ыймандуу болуп чоңойсун.

“ТМС” тин статистикасына  ылайык Кыргызстандагы 16  радиостанцияда 93-диджей эмгектенет.

Көп окумдуу