05-17-2016

1244

Токтогул торгойлордун мекени деген кеп бар. Дал ушул сөздү Токтогулдун таланттары тастыктады.

Токтогул торгойлордун мекени деген кеп бар. Дал ушул сөздү Токтогулдун таланттары тастыктап бүгүнкү “Селкинчек” долбоорун көркүн ачышты. Программада   Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти ,Рыспай Абдыкадыров атындагы сыйлыктын ээси Сыймык Бейшекеев жана Маданияттын мыкты кызматкери Анапия Райымбекова конокто болду.

Берүүдө  Сыймык мырза менен Анапия айым  керемет обондорду созушуп,алым сабак ырдап,угармандардан келген каалоо-тилектер менен суранычтарды аткарышып эфирди шаңга бөлөп жатышты. Сыймык мырзанын аткаруусундагы “Кызганыч” ырын көптөгөн угармандар суранып жатты.

Угармандар телефон аркылуу жана sms билдирүүлөрүн байма –бай узатып жатышты.

Берүүнүн соңунда Сыймык мырза- 29 упай ;ал эми Анапия айым -16 упайга ээ болду.

Көп окумдуу