05-18-2016

1576

Жандат Токтобаева: Жолдо баратсак эле үнү ачуу бирөө ырдайт, комузу колунан түшпөй, аябай жаман көрдүм.Бара-бара баягы үн жага баштады.

Жандат Токтобаева: Жолдо баратсак эле үнү ачуу бирөө ырдайт, комузу колунан түшпөй, аябай жаман көрдүм. Бара - бара баягы үн жага баштады…

"Кыргызстан Обондору"

“Чексиздик” программасында кыргыз маданияты, кино жана театр искусствосунда өзгөчө орду бар, Кыргыз Республикасынын Эл артисти, Токтоболот Абдымомунов атындагы кыргыз улуттук академиялык драма театрынын актеру, киноартист, драматург Мукамбет Токтобаевди эскерүү кечеси болду.

Программада Мукамбет агайдын досу обончу, төкмө, драматург, режиссёр, театр жана кино актёру, КР Эл артисти Табылды Актанов, КР Эмгек сиңирген артисти Асылбек Өзүбеков жана жубайы  Жандат Токтобаева агайды эскерип олтурушту.

Сөз башында алып баруучулар Жандат айымдан Мукамбет агайдын кайдан, кантип таанышып калганын айтып берүүсүн өтүнүштү.

Жандат Токтобаева (Мукамбет агайдын жубайы): - Экөөбүз Москвадагы театралдык окуу жайына бирге тапшырып калдык. Жолдо баратсак эле комузу колунан түшпөгөн үнү ачуу бирөө ырдайт, ичимден “ырдабай эле койбойбу” деп аябай жаман көрдүм. Анан бара -бара баягы үн мага жага баштады. Ал адамга болгон кызыгуум пайда болду. Бир жыл курсташ болуп окуп, жакшы күндөрдү бирге өткөрдүк. Кийин 1969-жылы май айында баш коштук.

Асылбек Өзүбеков: - Темир Бирназаровдун “Белгисиз маршрурт” тасмасына Мукем, Табылды Актанов үчөөбүз бирге тартылып калдык. Съёмкада жүрүп экөөнүн эле сөзү бүтпөйт, бүжүңдөшүп. Экөө олтуруп алып эле күлүп калышат, кишини кызыктырып.

Угармандар: - “Мукамбет агайдын акыркы тартылган тасмасы кайсы болгон?”

Жандат Токтобаева (жубайы): - Мукамбеттин акыркы тартылган тасмасы Асан Айтикеевдин “Суу” – деген тасмасы болгон. Аталган тасмага биз бирге тартылганбыз, ага чейин былтыр “Кыргыз -казак бир тууган”- тасмага да тартылган элек, аталган тасма учурда кинотеатрларда көрсөтүлүп жатат.

Жандат Токтобаева(жубайы): - Мукамбет өзгөчө жан болчу. Төшөктүн чокусуна олтуруп алып бир нерселерди сүйлөй берчү, анан укпасам кыйкырып, бир күлдүрөөр эле. Өзүнүн блокнотуна ар кандай нерселерди жазып жүрчү. Учурунда мен “анын эмне кереги бар” дечүмүн, көрсө маалыматтын баарын жазчу тура. Жашоосунда жүздөгөн роль жаратыптыр, жыйырмадай киного тартылып. Мукамбет менен бирге жүргөн киши эч качан зерикпейт эле, мен урушайын деп атсам эле күлдүрүп салчу, урушаарымды да унутуп калчумун.

    Бир окуясы эсимден кетпейт. Бир күнү эле үйдө олтурсам, тамдын үстүндө чыгып алып вентиляциялык труба аркылуу “Жандат, Жандат, Жандат”- деди. Кудай урду, мурда чоң энем “шайтан атыңдан айтса унчукпа” дечү эле, ошол оюма түшүп үндөбөй коркуп олтурам. Анан эле Мукамбет келди, ага “ай менин кулагыма, менин атымды үч жолу айтып бирөө чакырды” десем, “ой ал мен” дейт, экөөбүз каткырып күлүп калдык. Бир жолу да жатакананын чатырына чыгып алып кыздарды коркутмай болушту, алардан эси чыгып бөлмөдөгү бир кызыбыз жыгылып калса болобу. Айтор эстеп олтурсам кызыктар көп.

Угармандар да өз кезегинде жылуу сөздөрүн айтып, агайды эскерип, “кайрат кылгыла” деп жатышты.

Назира: - Мукамбет Токтобаев көп кырдуу талант, комузда ойноп, ырдап, пьеса жазып анан да машине оңдочу. Жүзүнөн нур төгүлгөн, эмоционалдуу актёр эле.

Асылбек Өзубеков: - Мукемдин обончулугу бул анын өзгөчөлүгү, обондору да бир башкача. 1975-жылы “Бото коз” - деген ырды ырдап атышыптыр, андан соң эле ыраматылык Тынар Алымовго таандык “Фарида” - деген ырды ырдап олтуруптур, аябай таң бердим. Мукенин ырларын мен көп ырдадым. “Ышкырык” - деген ырды ырдаганда өзгөчө ырдачу, ушу Муке ырдайт дагы анан ышкырчу жеринен билбейм эмнегедир ышкыра алчу эмес. Анан бизге “ышкыргыла” дечү, биз ышкырчубуз. Ал дагы бир өзгөчө ыр болду.

Табылды Актанов: - Муке өзгөчө жан эле. Мени да «ушул сен жалкоосун, иштебейсиңби” деп урушуп коёр эле.

Жандат Токтобаева (жубайы): - Ушу мен таң калам, бош болуп калса эле оң турган машинени чече баштачу. Бир күндө машиненин моторун чечип жыйнап койчу, эч зерикпейт эле. 1988-жылы лотореядан жапжаңы “Жигули” утуп алдык. Машине анын хоббиси эле. Аял башым менен мен деле ага кошулуп футболго кызыкчумун, ал тура калып ышкырганда, мен да ышкырсам «ушу сен жөн эле койбойсуң» деп айтып калчу эле.

Асылбек Өзүбеков: - Мукенин ырларын берчи деп эле ырдадым, “Каркыралар” – деген ыр санаалаштарынын арасында “Гимн” - болгон ырын жаздырып анан укканында “берчи, колду” деп аябай ыраазы болгону эсимде. Мен дагы эки ырын иштеп атам, буйруса жакында угасыздар. Мукемдин ырларын жайылтабыз.

Берүүнү Нурзада Жолдошева жана Аскат Алдашев алып барды. Программаны улуу талантка таандык “Сен кетпе жаштык” - ыры менен аяктады.

“Өмүр бизден өтүп кетсе-эл эмгектен эскерет”- деген сөз бекеринен айтылбаса керек. Агайдын кино жана театр искусствосундо өзгөчө орду бар. Агай ар бир кыргыздын жүрөгүндө.


Көп окумдуу