05-18-2016

1982

“МузАман”тобунун жигиттери: “Ильяздын ырын” жогорку денгээлде аткарышты.

"Кыргызстан Обондору"

“Сүйүү вальсы”, “Түшүнбөдүң”, “ Өзүң бил” жана башка ырлардын аткаруучулары,өзгөчө аваздын ээлери “МузАман” тобу “Тентек микрофон” программасында конокто болушту.

Программада Алымкул,Тариел,Аксайбек мырзалар тамашаларды кезек-кезеги менен аткарып  максатына жеткиришти. Тамашалап эле тим болбостон жандуу үн менен  ырдап,эфирди кооздоп жатышты.

Угармандарга ыр десте кылып сөзү:Ж.Бузурманкуловго,обону: Ж.Тагаевге таандык “Ильяздын ыры”- чыгармасын жогорку деңгээлде аткарышты.

“Жылдыздуу тамашада” Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Асель Турдалиевага байланышып,тилекке каршы тамаша максатына жеткен жок.

Келген билдирүүлөрдүн ичинен эң мыкты тамашаны  алып баруучулар: Нурел Султанов,Дария Санташева жана  “МузАман” тобунун жигиттери аныктап,концертке эки кишилик  чакыруу баракчасын угарманга  ыйгарышты.

Көп окумдуу