05-19-2016

1933

Назира Токонова: Өзүмдүн купулума толгон,элге кеңири тараган обонум “Сага”

 "Кыргызстан Обондору"

“Талбай таңшы”- программасында кулакка жагымдуу, сезимге сиңимдүү обону менен элди өзүнө тарта алган  жаш аткаруучу ,обончу, ырчы Назира Токонованын чыгармачыл кечеси болду.

Назираны жандап кесиптеши – ырчы Алмагүл Артыкова, он бир жыл бирге окуган курбусу, парталашы- Наргиза Темиркулова конокто болуп Назиранын чыгармачылыгы, балалыгы, кыялы жөнүндө айтып олтурушту .

Назира Токонова: Эң алгачкы обондорумдун бири- “Энекем”-деген ырга  обон келген, анда мен он биринчи  класстын окуучусу элем.  Ал эми толук бышып ,өзүмдүн купулума толгон, элге  кеңири тараган обон “Сага” –деген чыгарма.

Берүүнүн алкагында  комузун колго алган Назира “Сен дегенде”-ырын ыр сүйүүчүлөрүнө гул десте кылып сунуп,жайдары маанайда угармандардан келген суроолор менен бирге жакшы сөздөрдү кабыл алып жатты.

Алмагүл Артыкова (кесиптеши): Назира жөнөкөй, ишенчеек, кичипейил. Муңдуу ырды ырдаган сайын, жашооң мундуу болуп калат, шайыр ырларды ырдачы дей берем. Мага бир ыр берген, обону Назира Токоновага; сөзү: жаш акын Айсулуу Эсен кызына таандык “Мен сизди унутушум керек эле ”-деген. Ал  ырдын үстүнөн иштеп атам, буйруса жакынкы күндөрү радиолордон кетет. Ага чейин  программанын жүрүшүндө ырдап берейин деп керемет ырды ырдады.

Назира Токонова: Чыгармачылыктагы жаңылыктардан жакында эле жаңы ыр бүттү(күлүп) анын атын айтпай турайын,жакында угасыздар.Учурда жаңы ырлардын үстүнөн иштеп атам. Өткөндө Султан Садыралиев менен  гастролго баратып кел дуэт ырдайбыз деп эски чыгармага токтолдук,буйруса радиолордон кетет.

Наргиза(классташы): Назиранын мүнөзүнө токтолуп:Негизи эле Назира өтө кыялкеч. Башында ырдап жүрдү, 9-классынан баштап комуз ойной баштады. Мектепте окуп жүргөндө эле жөнөкөй, бирөө менен урушканын көргөн жокмун, өтө токтоо, азыркы күнү да мүнөзү дал  ошондой. Мектепте музыка сабагын жакшы көрчү(күлүп).

Бир куну математика сабагынан Назира кыялданып олтурат, бир нерсе сурайын деп мугалим ,- “Токонова,ай Токонова”, анан үчүнчү жолу жини келген мугалим боорду ыргытса ,ал барып дубалга тийип жерге түшсө,-Назира,- эже иии там түшүп атат деп, баарыбыз күлгөнбүз. Азыр классташтар жоолугуп калсак эле ошону эстейбиз.

Учурда Назира Токонова Кыргыз улуттук филармониясынын  Карамолдо Орозов атындагы  оркестринде  солист.

Программаны Аскат Алдашев жана Нурзада Жолдошева алып барды. 

Көп окумдуу