05-19-2016

1895

Кыздаркан Келдибекова Кыргызстандын бермети болгон Ысык-Көлдөн клип тартты...

Бүгүнкү “Тентек микрофон” программасында конокто Маданияттын мыкты кызматкери Кыздаркан Келдибекова болду.

Кыздаркан айым чыгармачылыктагы акыркы жаңылыктары менен бөлүшүп, Кыргызстандын бермети болгон  Ысык-Көл жергесинен клип тарттырып келгенине токтолуп,эми  мантаждоо иштери гана калганын айтты.

Буга чейинки клиптерим  бири-бирине окшош болчу,бул ирээт  башкача өзгөчөлүк  издеп, Көлдөн  тарттырууну туура көрдүм,буйруса клипти көрөсүздөр.

 “Жылдыздуу тамашада” ырчы, тамада Жеңишбек Айтиевге  байланышка чыгып,тамашага салып, тамаша өз максатына жетти.

Үй-бүлөдө атам ырдачу, атамдын жолун мен улап келе жатам.

Кыздаркан айым комузун колго алып Майрамбек Осмоновго таандык “Сезим”-ырын ырдап, тамашаларды кезек-кезеги менен аткарып өзүнүн актёрдук чеберчилигин көрсөтүп,жагымдуу атмосферада берүүнү жыйынтыкташты.

 Алып баруучулар: Нурел Султанов жана Дария Санташева келген ар бир sms-билдирүүнү  өз дарегине жеткиришти.  

Көп окумдуу