05-20-2016

2210

Гүлзада Рыскулова Султан Садыралиевди өз энесинин жана кайын энесинин добушу менен жеңди

"Санжыра" радиосу

“Селкинчек” долбоорунда конокто элдин сүймөнчүлүгүнө ээ болгон Гүлзада Рыскулова жана Султан Садыралиев конокто болуп, элдик ырларды, махабат кайрыктарын аткарып, угармандарга жагымдуу маанай тартуулашты. Ал тургай угармандар байланышка чыгып каалоо-тилектерин айтып жатышты, алардын катарында, Гүлзада айымдын өз апасы жана кайненеси байланышка чыгып кызына добуш беришти. Эки сааттык ыр майрамда Султан мырза -45 упайга ээ болсо; Гүлзада айым-47 упайга ээ болуп программанын жеңүүчүсү болду. Берүүнү алып барган : Алмагүл Турдалиева. 

Көп окумдуу