05-26-2016

3957

Турдакун Ниязалиев “Жубайыма”- деген ырды Мирбек Атабеков эч кимге бербеңиз деген.

"Кыргызстан Обондору"

Бүгүн, "Кыргызстан обондору" радиосунун “Талбай таңшы”- программасында жаш аткаруучу, ырчы Турдакун Ниязалиевдин чыгармачылык кечеси болду. Конокто аранжировщик Мирлан Ниязов, ырчы Нарынбек Калыбаевтер болду. Угармандар тараптан каалоо-тилектер, суроолор, "sms" билдирүүлөр байма-бай келип жатты. "Турдакун Ниязалиевдин канча чыгармасы бар?" деген суроого "Жыйырмага жакын ырым бар. Бардык ырларымдын сөздөрүн өзүм чиймелеп коём, кээ бир ырлар тар чөйрөдө ырдалат, бир эки ырдын гана обону башка адамдарга таандык калганынын баары өзүбүздүкү. Айрым ырларым калктын калың катмарына жете элек, көптөр таң калды бир ыр менен эле концерт коёбу деп. Концерт жакшы өттү. “Жубайыма” -деген ырга чейин көптөгөн ырлар жазылган, үйдө бир дептер толтура ыр бар. Бул ырдын чыгышы да өзүнчө тарых. Мирбек Атабеков угуп көрүп эч кимге бербеңиз деген. Ырдайм деп жүрүп, бир жыл күттүм, экинчи жыл күттүм, анан кой ынтымакка чакырган ыр болсун деп өзүм ырдап чыктым. Башында текст башкача болчу, Баян Акматов бошобой жатып жазып берген, анан да толуктоолор болду. Жакшы чыкты. Көптөгөн үй-бүлөнү сактап,ынтымакка чакырган ыр болуп калды" деп баса белгиледи.

Берүүдө радиоугармандарга Турдакун мырза комуздун коштоосунда “Жубайыма” ырын аткарып берди . Мирлан Ниязов: "Турдакундун багыты бар, мага келет дагы мындай кылып жасалы деп ырдап берет анан кандай айтса ошонун үстүнөн иштейбиз. Турдакун менен иштеш оңой" десе. Нарынбек Калыбаев: "Экөөбүз концертте тууган экенибизди билдик" деп тан калтырды. Программанын жүрүшүндө Турдакун мырза араб тилинде ырдап, чоң чыгармачылыкка аралашып аткан соң үндү багып, үнүмдүн үстүнөн иштеп улуу устат Улукмырза Полотовго барып сабак алаарын, дагы да чыгармачылыкта аракет кылаарын баса белгиледи. Программаны Нурзада Жолдошева жана Аскат Алдашев алып барды.

Көп окумдуу