05-31-2016

1300

Самат Көчөрбаев “Жаштар бири-бирине “sms”- жөнөтүп коюп эле тим болушат”

“Санжыра” радиосу

Бүгүн   “Селкинчек” долбоорунда конокто  салттуу өнөргө салымын кошуп, элдик өнөрдү элге тартуулаган ,селкинчектин токсон экинчи жубу –ырчы, аткаруучу  Гүлзат Байзакова жана Улуттук  Филармониядагы  Алымкул  Үсөнбаев  атындагы  “Эл шайырлары”  тобунун манасчысы,  дастанчысы  Самат Кочорбаев  конокто болду.

Программада Самат мырза  сегиз ыр ырдаса,ал эми Гүлзат айым жети ыр ырдады.

Гүлзат Байзакова -  “Арчалар деле жаш бойдон”, “Эх сүйүү сенин көзүң жок”, “Табаар белем”, “Алгачкы сүйүү”, “Жүрөктү жалын чырмады”, “Насыйкат”,ж.б.

 Самат Көчөрбаев  – “Гузал кыз”, “ Өзүң бил”, “Андалек”, “ Акинге”,  “ Көк сулуу”, “ Бактылуу болуп жашайлы”, ж.б.

Гүлзат айым менен Самат мырза алып сабак ырдап жатып,Самат мырзага кезек келгенде буга токтолду: Азыр жаштар бири-бирине “sms”- жөнөтүп коюп эле тим болушат,мурун “ышкырып”-ал ышкырыктын да бир башкача белгилери болчу, кат жазып бирөөлөрдөн берип, ал кат көп кызыктар менен колго жетчү деп -“Андалек” ырын ырдады.

Угармандардан телефон  чалуулар, добуштар, каалоо-тилектер, sms-билдирүүлөр байма-бай келип, берүү жакшы маанайда соңуна келди.

Программада  угармандардан келген добуштардын эсебинде  : Самат Көчөрбаев – 30 упайга ээ болсо, Гүлзат Байзакова – 39 упайга ээ болуп жеңишке жетти.  

Көп окумдуу