06-01-2016

1565

Анара Шаимкулова “Түз эфирде кызын да комузун да колго алып “Балама” жана башка ырларды түз эфирде жандуу созолонтту”

" Санжыра" радиосу

1-июнь - Балдарды коргоонун эл аралык күнүнүн урматына ырчы, аткаруучу Анара Шаимкулова жана туң уулдары Максат, Акназар жана кичинекей кызы Асылзат  менен бир сааттык эфирде конокто болушту.

Уулдарынын мүнөзүн айтып жатып Анара айым буларга токтолду: Максатым деп мен ар сыймыктанам, мектепте алдыңкы окуучулардын бири, пластилинден жаныбарларды жасаганды экөө тең жакшы көрөт,ал эми Акназарым  үйдө  мага кол кабыш кылып сыртка деле көп чыкпайт.

Анара айым түз эфирде кызын да комузун да колго алып “Балама” жана башка ырларды түз эфирде жандуу созолонтуп жатты.

Чоңойгондо ким болгуң келет деген суроого:  Максат – милиция кызматкери болгум келет десе, Акназар кыялында бизнесмен болом, үйү жок адамдарга бөлмө бөлүп берип  ошол жерге жашатам деп кыялдары менен бөлүшүштү.

Анара айым : Балдарым, жолдошум менин  тирегим кээде концертке кеткенде кичүү кызыбызды уулдарыбыз эле карап калышат.Максат үчүнчү  классты ийгиликтүү аяктаса,Акназар үчүнчү классты бүтүпт төртүнчү класстын окуучусу болду.

Прорамма наристенин күлкүсү,кичинекейлерге берилген суроо-жооптор менен коштолуп жакшы маанайда соңуна келди. Программаны Айыма Сыдыкова алып барды.

Көп окумдуу