06-16-2016

1505

Ильгиз Абдалиев обончу, аткаруучу, ырчы : Досторума берген ырлардын ставкалары деле жок...

"Кыргызстан Обондору"

Бүгүнкү “Талбай таңшы” долбоорунда обончу, аткаруучу, ырчы Ильгиз Абдалиевдин чыгармачылыгы менен угармандарды  тааныштырды.

Студияга Ильгиз мырзаны коштоп сахналаш достору Нурлан Насип, Аваз Акимов, Элиза Орозова, Данияр Эрматов, Руслан Абыловтор обондорду созолонтушту.

Досторум мага даяр обон менен келип сөз жаздырып кетет, бирок ар бир ырым балам сыяктуу эле, баарын жакшы билем деп өзү да ырдап жатты.

Чыгармачылыктагы достору:  Ильгиз  ырларын көбүнесе бул ыр сага жарашат деп бекер эле берээрин ырасташты. Ильгиз мырза өз кезегинде, ыр жазып ар бир ырга ставка коюууну деле ойлонбоптурмун, ырда деп эле “бепбекер”  берем деди.

Эфирде аккордеондун коштоосунда Ильгиз мырзага таандык  мыкты кайрыктарды ар бир досу ырдап, берүүнү жагымдуу нотада аяктады.

Программаны Аскат Алдашев жана Нурзада Жолдошева алып барды.

Көп окумдуу