06-19-2016

1360

Кайрат Примбердиев "Биринчи жолу Бек Борбиевке таандык "Аселдейим" ырын аткарды"

“Кыргызстан Обондору”

 Эс алуу күндүн эсебинен “Бишкектен сүйлөйбүз” долбоорунун коногу аткаруучу, ырчы Кайрат Примбердиев  конокто болду. Жандуу музыкада Рысбек Садиров ойноп берди. Жандуу музыканын коштоосунда  Кайрат мырза түз эфирде бул ырларды жандуу үн менен аткарды:

  1. “ Жакшы эле көрөм өзүңдү”
  2. “ Барам сага”
  3.  “ Аселдейим”
  4. “ Эмне мынча сүйөм сени”
  5. “ Поезддеги махабат”
  6. “ Лейлектик кызга”

Программада кызыктуу маалыматтар, смс билдирүүлөр байма – бай келип жатты. Кайрат мырза келген суроолор жооп берип, ар бир угармандын өтүнүчүн аткарганга аракет кылып жакшы маанай тартуулады.

Бек Борбиевге таандык “ Аселдейим”  ырын аткарып берүүсүн суранган угарманга бул ырды жубайым да жакшы көрөт, ал учурда иштер менен жүрөт ийгилик каалайм  жана сиздин өтүнүчтү аткарайын Асель (угармандын аты) бул ыр сизге жана жалпы күйөрмандарга, чынында биринчи жолу аткарып жатам, кабыл алып коюңуздар деп жогорку деңгээлде аткарды. Программаны Дария Санташева жана Аскат Алдашев алып барды.

Көп окумдуу