07-15-2016

1646

Ильяз Андаштын апасы,келинине кандай мамиле кылат?

"Кыргызстан Обондору"

“Жылдыз жана Мен” долбоорунда аткаруучу, ырчы Ильяз Андаш конокто болду.

Эки сааттык программада Ильяз мырза бир аз тумоолоп турса да жандуу үн менен ыр сүйүүчүлөрүнө гул десте сунуп, кызыктуу маек куруп, суроолорго жооп берип, пайдалуу кеңештери менен да бөлүштү. Көптөгөн суранчтар смс – билдирүү аркылуу келип ар бир билдирүүдөгү жаккан ырды  ырдап бериңиз деген өтүнүчтү кезек-кезеги менен аткарып жатты.

“Каникулга кеңеш” рубрикасында угармандарды жайдын аптаптуу күнүндө берметибиз болгон ажайып Ысык-Көлгө чакырып ,ишемби, жекшемби күнү эмес дүйшөмбү, шейшемби, шаршемби иш  күндөрү барсаңар баары арзан болот деди.

Баса, Ильяз мырзанын аткаруусундагы “Ай гүлүм” – чыгармасы ошол убакта 1,500$ тартылып, азыркыга чейин кымбат клиптеримдин бири деп айтты.  Угуп жаткан угармандар да четте калбастан социалдык тармактардан  программага өздөрүнүн “5”- деген бааларын беришти.

Келген суроолордон үй- бүлөңүз туурасында айтып бериңизчи дегенде,

Апам келинчегиме сыналгы, туфли, көйнөк ж.б алып бер деп ар дайым айтып турат деген жообу угармандарга жагып, Ильяз мырзанын апасынын келинине кылган мамилеси жакканын айткан билдирүүлөр да келди.

Буйруса , жакынкы күндөрү баардык радиолордо кетип жаткан “Кыздар” ырымдын клибине да күбө болосуздар , аны менен бирге күркүрөгөн күз айларынода концерт берем, концерттин өзгөчөлүгү 50%- башкача болот ,деп берүүнү жагымдуу нотада аякташты. Эки саат Ильяз мырза менен Азат Муратов маектешти.

Программада угармандар Ильяз мырзанын аткаруусундагы "Сагыныч", "Айгүлүм", "Кыздар", "Апакем" ж.б ырларды аткарып бериңизчи деген өтүнүчтөр көп болду.

Көп окумдуу