07-21-2016

2703

Айганыш -4 позицияга түшүп кетти. Келээрки аптада кантээр экен?!

Өткөн жуманын жаңы рейтинги.

Бир топ эл аралык кароо сынактардын жеңүүчүсү, Адилет Азимовдун быйыл жылдызы жана баштады көрүнөт. Быйыл гана өзүнүн чыныгы ырдоо стилин тапкандай. «Сүйүүгө сыйына жүр» аттуу бул ыры кулакка жагымдуу, жүрөккө жеткиликтүүлүгү менен биринчи орунга татыктуу болду. Куттуктайбыз!

 Самат Дөөлөтбаков бизнесин бир аз токтото турса эле жылдызы жана түшөт. "Көздөрүң" аттуу ыры эки жумадан бери ТОП 10до жүрөт. Замир Арыкбаев болсо өткөн аптада +36 позицияга шар көтөрүлдү. Сыйкыры эмнеде? Омардын "Сен" аттуу чыгармасы өткөн жумадагы орунун сактап калды. Бул да жакшы көрүнүш. Кайрат Примбердиев Атамбаев Алмазбек Шаршеновичтин ырын мыкты ырдап соц тармактар аркылуу жайылтты эле. Бирок ал анчейин ийгилик алып келген жок. Ал эми "Жакшы көрөм өзүңдү." ыры ТОП 10 до бир позицияга көтөрлүп жоон топ ырчылардын арасында сактап калды. Акбар Сүйүнбаев быйыл, өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу дурус иштеп жатат. 2015-жылдын июль айынын 1нен 21не чейинки аралыганда 107-орунда болчу, быйыл 9-орунда. ТОП 10дун катарында киичинекей эки кызыбыз да бар. Алар соңку 3 жумадан бери эч жакка кетип калбай, радио жана ТВ каналдардын эфиринде байма бай ырдап келе жатышат. Бирөө Айымжан, экинчиси Айганыш. Бирок Айганыш -4 позицияга түшүп кетти. Келээрки аптада кантээр экен?! Ал эми, Мирбек менен Арсен удаа жүрүшөт. Арсен +3 орунга көтөрлүп калыптыр. Кийинки апта бирге чыгышы мүмкүн. Анткени, жылдызы жанып турган учуру.

Ошентип бир жумага обзор бүттү.

 1. СЫЙЫНА ЖҮР СҮЙҮҮГӨ - АДИЛЕТ АЗИМОВ

 2. СҮРӨӨН - АЙЫМЖАН

3. АРПАНЫН АЛА-ТООСУНАН - МИРБЕК АТАБЕКОВ

 4. БОЛЧУ МЕНИ МЕНЕН - АРСЕН

5. СЕН - ОМАР

6. КАЙРЫК - ЗАМИР АРЫКБАЕВ

7. КӨЗДӨРҮҢ - САМАТ ДӨӨЛӨТБАКОВ

8. ЖАКШЫ КӨРӨМ ӨЗҮҢДҮ - КАЙРАТ ПРИМБЕРДИЕВ

 9. ЭР ЖИГИТИ КЫРГЫЗДЫН - АКБАР СҮЙҮНБАЕВ

10 - АСЫЛЫМ АЙ -АЙГАНЫШ АБДИЕВА

Эми, болжолдуу жылдызы жана турган ырчы тууралуу: Ушул эле тизменин арасындагы 90 ырдын ичинде "Кызганам" деген чыгармасы менен Эмилия аттуу татынакай ырчы кызыбыз ээрчип келе жатат. Анын ырын: "Кыргызстан Обондору", "Миң Кыял ФМ", жана "Манас жаңырыгы" сүрөөнгө алып жатат.

Биздин сайтка кирип радио уккула, рейтинг көргүлө, жаңылык окуп тургула.

Көп окумдуу