07-21-2016

1699

КР Эл артисти Күмөндөр Абылов поэма жаздыбы?

“Миң Кыял ФМ”

Бүгүн “Баш бармак” шоу программасынын кезектеги чыгарылышында алып баруучулар Канат Кадыржан, Бермет Алиева жана Расул Мырзатегин  ысым туурасында маек курушту. Радиоугуучулар , социалдык тармактардын колдонуучулары билдирүүлөрүн байма- бай  узатып, байланышка чыгып өз  ысымдарынын  маанилерин айтып жатышты. Түз эфирде Кыргыз Республикасынын Эл артисти, куудул, Күмөндөр Абыловко байланышка чыгып ысымынын маанисин сураганда буга токтолду: -  Күмөндөр деп жети айлык болуп төрөлгөнүмө күмөн санап,киши болуп кетеби, киши болбой калабы,  жашап кетеби жокпу деп, Күмөндөр деп коюшкан. Бизде эми үйдүн улуу баласына байлык- бийлик берилип аларга жакшы ысым коюлат эмеспи, кичүүлөр үйдө калат, мал – мүлк менен  деп Токтобек, Койчубек, Жаманбай деп койгон да. Эми биздики да шүгүр,орустардыкы Львов, Кабанов  деген фамилиялар,ысымдар бар  эмеспи. Кандай ысым бериш керек деген суроого, жакшы тилек менен коюлган кыргыздын  ысымын коюш керек деп жооп берди. Чыгармачылыктагы акыркы жаңылыктарынын бири “Тарых жана маданият” жылынын урматына “ Айыл жакка  саякат” деген поэма жазганын айтып, угармандарга анекдот айтып жакшы маанай тартуулап өттү.

Көп окумдуу