07-22-2016

2404

“МузАман” тобундагы Тариель бизнесменби?

“Кыргызстан Обондору”

“МузАман” тобунун жигиттери эки сааттык шоу программанын алкагында сөзү, обону ыраматылык Жаныбек Алыкуловко таандык “Дадагаң болуп кетейин” деген ырды угармандардын сынына койду.

Кечки саат 18: 00дө башталган “Жылдыз жана Мен” шоу программасында “МузАман” тобунун жигиттери конокто болуп, тамашалашым, жайдын аптаптуу күндөрүндө  эмне менен алек болгондорун айтышып, угармандардан келген суроолорго жооп берип ,жандуу үн менен ырдашты.

 Эки сааттын ичинде төрт ыр ырдалды :1. “Сүйүү вальсы”, 2.“Аселдейим”,3. “ Сүрөтүңө” ,4. “Өзүң бил”, - деген ырларды жандуу аткарып беришти.

Угармандардан келген суроолорго Аксай менен Алымкул жооп берип, маектешүү кызыктуу болду.

Учурда , “ МузАман” тобунун жигиттери Бүбүсара Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик маданият жана искувсство университетинде кабыл алуу коммисиясында иштеп жатышканын айтып, көптөгөн кызыктар менен коштолуп жатаканын , азырынча эмгек өргүсүүнө чыга электерин айтышты.

Буйруса, эртең абитуриенттерди кабыл алуунун акыркы күнү, бошоорубуз менен жаңы ырга клип тартабыз, Алымкул мырза ошол клипте роль жаратканга чакырып жатат деп тамашалады, клипти Улукбек Абдыжамилов аттуу жигитке тарттырганы жатабыз деп ар бир суроого тамаша менен жооп берип жатышты.

Негизи топто үч жигитсиңер, анан эмнеге экөөңүздөр эле сүйлөп жатасыздар?- деген суроого, Алымкул мырза негизи ушул суроо көп берилет, Аксай экөөбүз чогу иштейбиз дагы анан кана үчүнчүңөр дей беришет, учурда  Тариель Ысык- Көлдө эс алып, бизнес менен алектенип жүрөт, топтун тыңы Тариель деп түз эфирден  Тариель мырзага да салам  дубай жолдошту. Бул программаны Азат Муратов жакшы маанайда алып барып, эфир соңунда башкы пультту Айдай Кадыровага өткөрүп угармандар менен коштошту.

Көп окумдуу