07-22-2016

1148

Замир Арыкбаевдин күлкүсүнө кимдер суктанышты?

"Кыргызстан Обондору"

Жуманын акыркы күнү "Жылдыз жана Мен" программасында конокто көптөгөн жанга жагымдуу  ырлардын аткаруучусу, ырчы Замир Арыкбаев конокто  болду.

Эки сааттык шоу программада кызыктуу суроолор угармандар тараптан келип, көптөгөн айымдар Замир мырзанын күлкүсүнө суктанганын билдирип, дагы күлүп коюңузчу деген  смс-билдирүүлөр байма-бай келип жатты. Замир мырза өз кезегинде мыкты ырларды пианинонун жана комуздун  коштоосунда аткарып жакшы маанай тартуулады. Угармандар тараптан "Суктанам" деген ырдын клибине жылуу пикирлер келип, башкы ролду жараткан кыздын номурун сурап көп мырзалар кайрылаарын Замир мырза тастыктады. Программанын алкагында "Бул сага" рубрикасында "Сенсиң" ырын көркөм окуп берип, аптаптуу күндөрдө угармандарды Ысык-Көлгө чакырып, буйруса жакынкы күндөрү өзү да бараарын айтып өттү. Программаны Азат Муратов алып барды. 

Көп окумдуу