07-25-2016

2221

Өткөн жылы Кыргыз шоу бизнестинде 3 адамдын жылдызы өзгөчө жанды. Алар: Айымжан Айылчиева, Аяна Касымова жана Нурмат Садыров.

Өткөн жылы Кыргыз шоу бизнестинде 3 адамдын жылдызы өзгөчө жанды. Алар: Айымжан Айылчиева, Аяна Касымова жана Нурмат Садыров.

Үчөөнүн ырдоо стилдери, диапазондору, келбети, турган турпаттарынан бери бири бирине окшобогон ырчылар. Бир гана окшоштугу – бойлорунун бирдейлиги. Эки ырчы кыз мектепти аяктай элек секелек болуп туруп, жалпы элге аттын кашкасындай таанымал болуп чыга келишти. Аяна Касымованын аткаруусундагы Жолдошбек Мамажановдун “Сүрөтүңө” деген ыры чыгаары менен тез эле элге сиңип кетти. Жашы карысы дебей угуп, айрым музыка сүйүүчүлөрүнүн сынына да кабылды. Бирок ал анчейин мааниге ээ болгон жок. Бир аз убакыт өтпөй, анын артынан эч ким тааныбаган, анда санда интернеттен көрүнө калып жүргөн “чүкөдөй” болгон кара тору кичине кыз ушул эле Жолдошбек аганын дагы бир “Ак бата ” деген ырын ырдап чыкты. Бул ыр алгач интернет айдыңына чыккан болсо, аз өтпөй республикалык бардык радиолордун эфирлеринен жаңыра баштады. “Кыргызча сүйлөй албайт” деп, сындай берип, Айымжанды да кыргызча сүйлөгөнгө мажбур кылдык. Ошентип, күзүндө дагы бир сары тору жигиттин багы ачылды. Ал мурунтан эле ар кайсыл ырчы ырдап, бирок өзүнө окшоп багы анчалык ачылбай жүргөн “Торгоюм” деген ырды тойлорго ылайыктап жаздыргандай болду эле. Аталган ырды эл жакшы кабыл алып, анын арты менен заматта абдан атактуу болуп кетти. Ал ырчынын аты Нурмат Садыров! Рыскулбек Турсуналиев жана Советбек Үсөналиевге таандык чыгарма көпчүлүктүн сүйгөн ырына айланды. Көптөн бери шоу бизнести акмалап жүргөн Нурматтын жылдызы жанып, учурда Кыргызстандагы атактуу ырчылардын катарын толуктап жүрөт. “Торгоюм” ыры ТМСтин архивинде мындай маалыматтар менен сакталып калыптыр.

Торгоюм” Эфирге чыккан алгачкы убактысы.


Радио
Жылы,    айы, күнү:
Сааты, мүнөтү, секунду:
1
“Кыргызстан Обондору”
2015-11-05
19:15:30
2
“Миң кыял ФМ”
2015-11-10
17:32:37

Жогорудагы эки радио, Нурматка да, Айыжан менен Аянага да колдоо көрсөттү. Үчөө ушул эки радиого ар качан “ийилип салам” берип жүрсө абдан жарашат. Анткени, аларды жаш тайынан элге таанытып, калың элдин катмарына белгилүү кылып койду. Бул нерсе өмүр бою үчөөнө аброй гана алып келбестен, ырыскысын да таап берээри анык.



Көп окумдуу