08-02-2016

1746

Угармандардын "беш" - деген баасына татыган Темирлан Масалбеков.

"Кыргызстан Обондору"

Бүгүн жайдын үчүнчү айынын эң алгачкы күнүндө  “Жылдыз жана мен” программасында ырчы, аткаруучу  Темирлан Масалбеков конокто болду. Программа жакшы маанайда башталды.

Жайдын аптаптуу күндөрүндө кандай эс алып жатасыз? - деген суроого Темирлан мырза, Таласка барып эс алып, аны менен бирге досум  Адилеттин  бир башын эки баш кылып, үйлөнтүп-жайлантып келдик(жылмайып), буйруса дагы да эс алып  кереметтүү Ысык-Көлгө барабыз.

Күйөрмандар тараптан келген билдирүүнүн баарына жооп берип жатып, эң алгачкы ырыңызды аткарып бериңизчи деген өтүнүчтү  четке какпастан Темирлан мырза, адашпасам 2014-2015- жыл болсо керек , эсимден чыгып кетти “Азапка салба” – деген ыр болсо керек деп, дал ошол ырын акапелла аткарды.

Балачагыңызда кайсы мультфильмди жакшы көрчүсүз деген суроого -"Сениби шашпа"  (“Ну погоди”) – деген мультфильм  жакчу, мышык менен чычкандык кубалашып жүргөнү кызык болчу деп  жылмайып жооп берди.

Жандуу үн менен “Энекебай” , “Сенсиз жаным” , “Ак бантик”, “Сагындырба” ж.б ырларды аткарып берип угармандар социалдык тармактар аркылуу "беш" деген бааларын беришти.

Угармандар Темирлан мырзанын күлкүсүнө, ырдаганына жылуу пикирлерин байма- бай узатып, жакшы калоо тилектерин айтып жатышты.  Программаны Дария Санташева алып барды.

Көп окумдуу