08-02-2016

1936

“Айылга кол кабыш кылганга чакырган Данияр Эрматов”

“Кыргызстан Обондору”  - “Жылдыз жана мен”

Программанын алып баруучусу Дария Санташева угармандар менен учурашып, андан соң программанын  кезектеги коногу  ырчы, аткаруучу Данияр Эрматовту тааныштырды.  Берүүдө ырдайбыз, бийлейбиз  мыкты маанай тартуулайбыз деген убаданы берип Даниярдын аткаруусундагы “Эңсөө” ыры менен түз эфирди ачык деп жарыялашты.  

Данияр мырзага келген суроого жылмайып жооп берип жатып, ийгиликтүүсүзбү деген суроого, адам канчалык ийгиликтүүмүн деген сайын ийгилик буюрат экен шүгүр деп  жооп кайтарганда, ага Дария кошумчалам “жүз миңден” ашуун жазучусу бар адам бактылуу  эмей эмне деп тамашалады.  Данияр кошумчалай 2014-жылдан бери жазылуучуларды топтоп кележатканын ырастады.

Угармандар тараптан “Жүрөгүм”, “Сүйдүрүп алам”, “Кечир мени”  ырларын аткарып бериңизчи деген суранычтар көп болду.

“Каникулдан  кеңеш”  рубрикасында Данияр угармандарды айылга барып ата-энеге кол кабыш кылып, жардам берип келгиле мен айылга бардым, бирок жардам бере алган жокмун, буйруса барсам сөзсүз барам деп убада берди.

Эмнеге ар дайым күлө бересиз деген суроого  мен  аткарган “Адам бойдон калгын өзгөрбөй” ырымдын клибинде баардык нерсе көрсөтүлгөн, болгон кыйынчылыкты күлкү менен жеңем,адамга жагыш кыйын, балким менин олуттуу болгонум жагаттыр деп жооп кайтарды.

Буйруса жакынкы күндөрү Данияр гастрол менен Ысык-Көлгө бараарын да айтып өттү. 

Программа жагымдуу нотада аяктады.

Көп окумдуу