08-30-2016

15122

Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары менен сыйлоо жөнүндө Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыгы!

Кыргыз  Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары менен сыйлоо жөнүндө Кыргыз  Республикасынын эгемендүүлүгүнүн 25 жылдыгына карата, Кыргызстан элинин тарыхый  жана маданий мурастарын, республиканын социалдык-экономикалык, интеллектуалдык  жана руханий потенциалын өнүктүрүүгө кошкон салымы, көп жылдык үзүрлүү эмгеги,  каармандыгы жана эрдиги үчүн төмөнкүлөр сыйлансын:

II даражадагы «Манас»  ордени менен: 

  1. Сартбаева Кайыргуль Сартбаевна - К. Молдобасанов атындагы Кыргыз улуттук консерваториясынын окутуучусу;

III даражадагы  «Манас» ордени менен: 

  1. Джалгасынова Дарика - А. Жумахматов атындагы Кыргыз мамлекеттик академиялык чоң симфониялык оркестринин солист- вокалисти;
  2. Джумалиев Сардарбек - Т. Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясынын К. Орозов атындагы эл аспаптар академиялык оркестринин дирижеру;
  3. Мамбетова Насира Исмаиловна - Б. Кыдыкеева атындагы Кыргыз мамлекеттик жаштар театрынын артисти;
  4. Орузбаев Керимкул Кайбылдаевич - А. Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрынын опера солисти;
  5. Садыкова Саламатхан Момуновна - Т. Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясынын солисти;
  6. Сариев Дүйшө - К. Жантөшев атындагы Ысык-Көл облустук музыкалык драма театрынын артисти;

«Даңк» медалы менен: 

  1. Бегалиев Асылбек Рахманович - М. Абдраев атындагы республикалык атайын музыкалык орто мектебинин мугалими;
  2. Касмалиева Шаиргуль Зарлыковна - Т. Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрынын артисти;
  3. Кожахметов Джамалбек Кушубакович - Т. Океев атындагы «Кыргызфильм» улуттук киностудиясынын сүрөтчү- коюучусу;
  4. Курманалиева Кенеш - Б. Кыдыкеева атындагы Кыргыз мамлекеттик жаштар театрынын артисти;
  5. Мааданбеков Эсенбек - композитор, Т. Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясынын алдындагы эстрада-фальклордук жана элдик бий студиясынын окутуучусу;
  6. Мураталиев Тентимиш - М. Куренкеев атындагы Кыргыз мамлекеттик музыкалык окуу жайынын директору;
  7. Назаренко (Лесникова) Светлана Анатольевна - «Город 312» тобунун солисти;
  8. Нурматов Юлдаш Шерович - Ч. Айтматов атындагы Кыргыз Республикасынын мамлекеттик улуттук орус драма театрынын башкы сүрөтчүсү;
  9. Омурзаков Атай Желденович - «Тумар KG» бий тобунун жетекчиси;
  10. Осмоналиев Рахатбек Муталипович - А. Джумахматов атындагы симфониялык оркестринин көркөм жетекчиси жана башкы дирижеру;
  11. Сарлыков Рафаил Тагайбекович - К. Молдобасанова атындагы Кыргыз улуттук консерваториясынын эстрада кафедрасынын башчысы;

«Кыргыз  Республикасынын эл акыны» деген ардактуу наам: 

  1. Кулуев Кожогелди Калакуновичге - Кыргыз Республикасынын «ТҮРКСОЙ» Түрк маданиятынын эл аралык уюмундагы өкүлүнө;
  2. Рыскулов Акбарга - Кыргызстан Улуттук жазуучулар союзунун төрагасына;

«Кыргыз  Республикасынын эл артисти» деген ардактуу наам:

  1. Джумакунов Рысбек Дуйшенбаевичге - Т. Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясынын Ч. Исабаев атындагы «Камбаркан» фольклордук - этнографиялык ансамблинин көркөм жетекчисине жана башкы дирижеруна;
  2. Иманалиев Элмирбек Калиловичке - төкмө акынга; Каримов Султанжан Осмоновичке - Т. Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясынын солистине;
  3. Сарулу Маратка - кинорежиссерго; Суюндуков Артыкпай Айталиевичке - кинорежиссерго;

«Кыргыз  Республикасынын эмгек сиңирген артисти» деген ардактуу наам: 

  1. Атабеков Мирбек Бообековичке - эстрада ырчысына;
  2. Бекбаева Асель Амангельдыевнага - А. Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрынын опера солистине;
  3. Болгонбаев Азамат Таалайбековичке - төкмө акынга;
  4. Исабекова Тамара Сыягуловнага - Т. Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясынын солистине;
  5. 9 Кутманалиев Амантай Токтогуловичке - төкмө акынга;
  6. Рыскулова Гүлзада Абдуллажановнага - эстрада ырчысына;
  7. Самарбекова Элнура Муктарбековнага - Т. Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясынын солистине;
  8. Сартбаев Искендер Кубанычбековичке - А. Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрынын көркөм жетекчисине;
  9. Сурахматова Тилекке - А. Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрынын хорунун артистине;
  10. Сыдыков Марат Кубанычбековичке - А. Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрынын балет солистине;
  11. Темиров Абыдин Салайдиновичке - ырчы, обончуга;
  12. Тиленчиев Карагул Амантуровичге - А. Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрынын башкы хормейстерине;
  13. Тойгонбаева Гулнара Эшбаевнага - эстрада ырчысына;
  14. Токтобеков Женишбек Жумакадыровичке - төкмө акынга;
  15. Токторов Бактыяр Абдинабиевичке - «Биз» тобунун жетекчисине;
  16. Туткучев Аалы Тологоновичге - төкмө акынга;
  17. Уралиев Намазбек Келгенбаевичге - К. Молдобасанов атындагы Кыргыз улуттук консерваториясынын комуз классынын ага окутуучусуна;
  18. Ыбыкеев Бактыбек Эсентуровичге - А. Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрынын опера солисти- сахнанын жетектөөчү устатына;

«Кыргыз Республикасынын  маданиятына эмгек сиңирген ишмер» деген ардактуу наам:

  1. Асанбеков Нурлан Аскаровичке - Ч. Айтматов атындагы Кыргыз Республикасынын мамлекеттик улуттук орус драма театрынын көркөм жетекчисине;
  2. Бирназаров Темирбек Муканбаевичке - кинорежиссерго;
  3. Божко Виктор Ильичке - Т. Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясынын башкы администраторуна жана концерттик бөлүмүнүн башчысына;
  4. Кененсаров Эльдиярга - «Азия MIX» КВН командасынын капитанына;
  5. Молдобакиров Зарылбек Алдажарбековичке - К. Молдобасанов атындагы Кыргыз улуттук консерваториясынын кафедрасынын башчысына;
  6. Токтогулов Исабекке - Жалал-Абад облусунун Токтогул райондук «Шамшыкал» гезитинин башкы редакторуна;

Кыргыз  Республикасынын Ардак грамотасы менен сыйлансын: 

  1. Батырканова Чынара Жекшенбековна - Т. Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясынын «Ак-Марал» мамлекеттик бий ансамблинин балет артисти;
  2. Бейшеев Талайбек Сабырович - А. Умуралиев атындагы Бишкек шаарынын драма театрынын актеру, «Аура» тобунун жетекчиси;
  3. Бекболотов Акжолтой - режиссер, оператор, «Айтыш фильм» киностудиясынын директору; Бекиров Айдер Зеккиевич - «Европа» радиокомпаниясы» жоопкерчилиги чектелген коомунун башкы директору;
  4. Дайырбеков Айбек Усонбекович - кинорежиссер;
  5. Дуйшенкулова Айтбюбю - Т. Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясынын К. Орозов атындагы эл аспаптар академиялык оркестринин артисти;
  6. Жолдошов Кутманбек Кадырович - Т. Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясынын солисти;
  7. Жоробаева Бухалича Чырмашовна - Т. Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрынын артисти;
  8. Искеналиев Съезбек Искеналиевич - эстрада ырчысы;
  9. Кайыпов Өмурзак Бекмуратович - Т. Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясынын «Эл ырчысы Эстебес» тобунун артисти;
  10. Каниметов Канатбек Каниметович - Кыргыз Республикасынын коомдук телерадиоберүү корпорациясынын «Ала-Тоо» студиясынын баяндамачысы;
  11. Койчуманов Төлгөбек Сагындыкович - «Айтыш-фильм» студиясынын сүрөтчү-мультипликатору; Кочкорбаев Расул Солтонбекович - «Айтыш-фильм» студиясынын сүрөтчү-декоратору;
  12. Мадакимов Элдияр Абдилманапович - «Айтыш-фильм» студиясынын монтажеру;
  13. Маккамбаев Уланбек Жантемирович - Кыргыз Республикасынын «ЭлТР» мамлекеттик телерадиоберүү компаниясынын жаңылыктар бөлүмүнүн Баткен облусу боюнча өздүк кабарчысы; Мамакеева Гүлбү Ороскуловна - Т. Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясынын солисти;
  14. Мухаметшина Зарина Ренатовна - А. Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрынын балет солисти - сахнанын жетектөөчү чебери;
  15. Назаров Темирбек Токтобаевич - эстрада ырчысы;
  16. Орозакунов Руслан Жолдошевич - А. Умуралиев атындагы Бишкек шаардык драма театрынын актеру;
  17. Печурин Евгений Сергеевич - «Пятый канал» жабык акционердик коомунун атайын кабарчысы; Сатиева Айтурган Абдыгапаровна - Кыргыз Республикасынын «ЭлТР» мамлекеттик телерадиоберүү компаниясынын диктору;
  18. Сатылганова Венера Абакуловна - М. Күренкеев атындагы Кыргыз мамлекеттик музыкалдык окуу жайынын мугалими;
  19. Суранов Жантуре Асанбаевич - Бишкек шаарынын мэриясынын маданият жана туризм башкармалыгынын башкы адиси;
  20. Тилегенова Үмүт Эсенгуловна - А. Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрынын опера солисти;
  21. Шералиева Нарынкүл Жумамүдүновна - Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлигине караштуу Улуттук маданият борборунун окутуу- методикалык иштер бөлүмүнүн башчысы;
  22. Эгизбаев Уланбек Токтосунович - «Эркиндик»/«Эркин Европа» радиосунун «Азаттык» – Кыргыз кызматы радиосунун журналисти;
  23.  «Кыз Бурак» эстрадалык тобу - Бишкек шаары;
  24. «Ордо Сахна» фольклордук- этнографиялык театры.

Бишкек шаары. Кыргыз  Республикасынын                      Президенти  А.Ш. Атамбаев

Көп окумдуу