09-06-2016

1553

Куралбек Чокоев идеалдуу айым кандай болушу керек?

Манас ФМ

“Дүрүдүм”- деген ыр менен көптөгөн угармандардын жүрөгүнөн түнөк тапкан ырчы, аткаруучу  Куралбек Чокоев “Автопортрет” программасында конокто болду.

Программада алып баруучу тараптан  бысмылда дегенде эле, Куралбек мырзанын автобиографиясын айтып, көптөгөн кароо сынактарга жана баш байкеге ээ болгонун айтып, түз эфирде жакшы маанайда учурашты.  

Чыгармачылыктагы акыркы жаңылыктардан күркүрөгөн күз айларында, тактап айтканда 15-октябрьда  Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз Улуттук филармониясында чыгармачылык кечеси болоорун айтты. Концерттин  өзгөчөлүгү Курал мырза эки саат сахнадан түшпөйм, болгон кийим-кечем сахнада  болот жана көптөгөн кызыктар коштоорун ырастады. 

Программада Кыргыз Эл артисти, актёр Мукамбет Токтобаевге  таандык “Автобустагы махабат”- деген  сыясы  кургай элек жаңы жагымдуу ырды угармандар угушту, ал ырды Асылбек Өзүбеков  сунуштаганын айтты.  

Жандуу үн менен лирикалык “Периштем” ,“Ала Тоо” деген  ырларды аткарды. 

Эң биринчи аткарган ыры “Прости” ( “Кечир”) – деген аталышта  болуп, ал ыр акжолтой ыр, дал ошол ыр менен кароо сынактан баш байгеге ээ  болгонун айтты. 

Угармандар тараптан көптөгөн суроолор келип жатты. Реп окуп  бериңиз дегенде сунушту четке какпастан “Алга” аталышындагы репти түз эфирде  аткарды. 

Идеалдуу айым, Курал мырза үчүн  акылман, тамакты жакшы жасаган, ишке тың,  маңдайы жарык болушу керек деп жооп берди. 

Ал эми сиздин жашоого ким таасир бере алат деген суроого  ата- энем деп жооп кайтарды. 

Курал мырза эфир соңунда жалпы ыр сүйүүчүлөрдү концертке  чакырып, Манас ФМ радиосуна ыраазычылыгын билдирди! Программа жакшы болду.

Көп окумдуу