09-07-2016

2694

Сыймык Бейшекеев: "Жубайым буйруса кыз узатып, келин алганда ырдайт"

“Кыргыз радиосу”

Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти, Рыспай Абдыкадыров атындагы сыйлыктын ээси, обончу, аткаруучу Сыймык Бейшекеев жана жубайы Нурзада Жусупжанова “Жоолугушуу” программасында конокто болушту.

Сөз башында Сыймык мырза,  экинчи дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын башталышы туурасында өз пикирин айтып, кыргыз болуп төрөлгөнүнө сыймыктанаарын айтты. Чыгармачылыктагы акыркы жаңылыктарынан 9-сентябрь күнү Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында Сыймык мырза жалпы ыр сүйүүчүлөрдү туулган күнүнө чакырып өттү.

Рио оюндарында Кыргызстандын намысын коргоп, кыргыздын намысын коргогон  балбан кыз Айсулуу Тыныбековага арнап Сыймык мырза , "Таазим, сага Айсулуу" аттуу ырдын бет ачаары болоорун жана концерт көптөгөн кызыктарга бай болоорун айтып өттү.


 Программада смс- билдирүү, телефон чалуу аркылуу суроолор байма-бай келип Сыймык мырзаны туулган күнү менен куттуктап, үлгүлүү үй-бүлөсүздөр деген жакшы пикирлерди айтып  жатышты. Программада Сыймык мырзанын аткаруусунда “Караколдун кыздары” аттуу ырды угармандар тыңдай алышты. Ыр башталаар алдында эң алгачкы концерти Караколдо болгонун айтып,  ошол шаардын кооздугуна таасирленип анан жаралган ыр экенин айтты.

Берүүдө комузду колго алып жандуу үн менен “Алган жарга” ырын радиоугармандарга аткарып берди.

 Нурзада айымды сиз да ырдайсызбы деген суроого, Нурзада балдарды уктатканда гана бешик ырын ырдайт ( күлүп), бирок буйруса кыз узатып, келин алганда ырдайт деп Сыймык мырза жооп кайтарды.

Берүү абдан кызыктуу болду.

Көп окумдуу