09-10-2016

1914

Расул Маматкулов "Дүйнө мага сенсиз караңгы"- ырын кимге арнаган?

"Кыргызстан Обондору"

“Жеңелер менен жеңил чай” программасында конокто Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Расул Маматкуловдун жубайы Катя Маматкулова болду.

Алгач алып баруучулар эс алуу күндүн эсебинен угармандар менен амандашып, андан соң конокто ким экенин айтып, түз эфирде конокту  тааныштырышты.

Катя айым менен учурашкан соң, жакында боло турчу концертке канча убактан бери даярданып жатасыздар деген суроого мындай жооп ала алышты, -Расул бул концертке үч жылдан бери камынып, даярданып жүрөт, бул кечеде Расулдун репертуарындагы ырлардын баарын жаш аткаруучулардын аткаруусунда болот, Расулдун элүүдөй ыры бар, калганын санаш керек деп жооп берди.

Чыгармачыл чөйрөдө “тың Катя”- деген сөз айтылып жүрөт эмеспи, Расул байкенин чыгармачылыгын ар дайым колдойсуз, ырчынын аялы болуш оор эмеспи деген суроого. Чыгармачыл адам өтө сезимтал болот, биздин үйдө төрт ырчы бар, мен ар бирине продюссермин, ал эми “тың Катя”- деген сөздү эсимде жок кайсы иш-чара эле, Гулнара Тойгонбаева эже айтып ошондон бери “тың Катя”- деп айтылып келет.

Расул байке чыгармачылыкта көптөн бери жүрөт, сизге арнап ырдаган ыры кайсы?

Расулдун ар бир ыры мага арналган (күлүп), албетте кээде кейип, ооруп калганда “дүйнө мага сенсиз караңгы”- деп айтат, ошол сөзү мага дем, күч-кубат.

Учурда,  баардык радиостанцияларда кетип жаткан “Дүйнө мага сенсиз караңгы” –ыры Катя айымга арналыпты.

Берүүдө смс-билдирүүлөр, каалоо-тилектер жана кеп-кеңеш сураган угармандар көп болду.

Программада Расул Маматкуловго таандык “Жамиля”, “Дүйнө мага сенсиз караңгы” ж.б ырлар жаңырды.

Студияда кызматта Нурзада Жолдошева, Нурел Султанов жана күлкү, кино тармагында кеңири таанымал Айнура Турганбаева (Сакиш) алып баруучулук кызматта болду.

Көп окумдуу