09-21-2016

2413

Асема Токтобековадан жаңы ыр - "Жашоо бакыт".

“Азаттык” радиосунун түшкү чыгарылышында ырчы, аткаруучу, актриса, кинорежиссер Асема Токтобекова конокто болду. Маекти Сабыр Абдымомунов алып барды. Асема айым “Караш”- аттуу сериал тартуунун камын көрүп жүргөнүн айтып, учурда иш процесси жүрүп жатканын баса белгиледи. Сериалда сөзсүз эле социалдык көйгөйлөрдү көрсөтпөстөн, күнүмдүк тамашаларды, балким биз колдонгон тамашалар да болоорун айтты. Киносериалдын курамы туурасында актёрдук топ боюнча айтсак, бааланбай калган актёрлор жана башка таланттар болот... Акыркы жаңылыктарыңыз кандай деген суроого, - “ Жашоо бакыт”- деген ыр жаздырдым,бүгүнтөн баштап Кыргызстандагы баардык радиолордон кетет деп турабыз, ыр болсо жакшылык, майрам, уул-үйлөп, кыз-берип, адам төрөлүп жарык-дүйнөгө келгенден тарта балпайып байбиче болуп карыгандагы жакшы көз ирмемдер туурасында. Программада Асема айымдын аткаруусундагы жапжаңы ырынан үзүндү коюлду.Ар бир күн кымбат жана жашоодогу бактылуу көз ирмемдер сизди коштоп жүрсүн.

Көп окумдуу