09-28-2016

1988

Эл аралык Түрк маданияты (ТЮРКСОЙ) уюмунун 25 жылдыгынын урматына Адилет Азимов конок болуп чакырылды.

Жаш аткаруучу, таланттуу  ырчы  Адилет Азимов бүгүн түшкү саат 13:00 дө  Музыка телеканалында  сөзү, обону Улан Жумабаевге таандык “Сүйүү күчү” ырына клип тарттырып күйөрмандарын сүйүнттү .  Адилет жана “Акак” комузчулар ансамблинин таланттуулары учурда Алматада  ТҮРКСОЙ уюмунун 25 жылдыгына арналган майрамдык кечеге конок катары  чакырылганын  бизге ырчынын менеджери айтты.

Эл аралык Түрк маданияты (ТЮРКСОЙ)  25 жылдыгынын урматына майрамдык кече болуп  Азербайжан, Казакстан, Өзбекстан,Түркмөнстан жана   Кыргызстандан Адилет чакырылган. 2016-жылдын 30-сентябрында ТҮРКСОЙдун элдик аспаптар оркестринин гала-концерти Бишкекте  өтөт.

Гала-концерт Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз Улуттук филармониясында Түрк тилдүү өлкөлөрдүн чыгармачыл жамаатынын катышуусу менен өткөрүлөт. Саат 19:00 башталат.

 Эмне демекчибиз, Азаматсыңар, кыргыздын желегин желбиретип, ийгиликтерди багынта бер!!!

Көп окумдуу