10-24-2016

3797

Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти ырчы жана обончу Бек Борбиевтин кайрылуусу.

Урматтуу достор, куйормандар, замандаштар. Алдын ала бир аз убактынарды алганым учун кечирим сурайм. Бир жылдан бери чыдап, жарыла албай, эстерине келээр дедим, болушкан жок

Бишкек шаарына жыл башында (Кыргыз драма театрында) концерт берген боюнча , борборго концерт бере албай келем. Анткени концерттик зал борбордон Бекке берилбесин деген жогортон "ооз эки" буйрук бар имиш 

"Иштин" баары былтыркы жаны жылдан башталды, Филармония менен Спорт ордосунан кундорду ала албай койдук да , Театрда коюп калдык. Жакшы билесиздер, мен Жаны жылда, жаз айларында анан куздо туулган кунумо концерттеримди 27 жылдан бери узбой коюп келе жатам. Ошентип жаз айларында да Бишкектен зал ала албай, арга жок ресторанга концерт бердим. (Дагы деле ресторанга берели десек, карапайым калк учун кымбат болуп калат экен). Унчуккан жокмун, бир дагы интервьюдан соз кылбадым, акылына келишеттир деген умут менен. Ал ангыча куз келди, сентярдын 24 до Спорт сарайы ангырап бош турду. 15-сентябрь куну да жалдырап сурап турдук, бир жумада рекламасына жетишсек да жетишпесек да коебуз деп. Тилеке каршы ала албадык. Эми октябрь ноябрда да, жаны жылда дагы зал албай калат окшойм, сурай берип тил тешилди 

Спорт Ордосунун башчысы, Филармониянын директорлору менен жеке тааныштыгым бар, алар "Бек, кое тур чечилет маселен " дегенден башка соз айта алышпай журушот. Аларды да туура тушуном, аргалары жок

Коншу олколордо сахнага чыкпай жургон ырчыларга уруксат берип атса, биздикилер минтип, артка кетип атканына жол болсун. Анысы аз келгенсип, Ктр Элтр каналдары менен иштешип баштагандай болдук эле, ал мамилебиз дагы кайрадан токтоп калган. Эми бул башка соз..

Урматтуу Бийлик, мени бул кылыгынар менен сындырабыз деп жаткан болсонор терен жанылышасынар! Мен гастарбайтер болуп же коншуларга барып деле ырдап оокатымды кылып турам, бир суранычым бар.. Бекке зал бербейбиз деп расмий буйрук чыгаргыла, ошондо менин силерге эч кандай арыз арманым, доо, капачылыгым болбойт!

Саясат менен онорду аралаштырып, элдин курсагын тойгуза албай айланар кетип турганда, ырлар менен конул жубатып турсун дебейсинерби

Айтор мына айтаарымды айттым, Ажобуз балким бул маселени билбеген болсо, жетип калаар

Аманчылык болсо сахнадан корушобуз достор 

Көп окумдуу