01-17-2017

1220

“ТМС” радиостанцияларды мониторинг кылып, рекламаларды эмес, аза күтүү плейлисттерине саресеп салды.

Кыргыз Республикасынын президенти Алмазбек Атамбаев 17-январь «Боинг-747» жүк ташуучу учагынын авиакырсыкка учурашынын кесепетинен каза болгондор боюнча Кыргыз Республикасында аза күтүү күнү деп жарыялады.

Ал чечимдин 3-абзацында мынтип жазылып турат:

3. Кыргыз Республикасынын маданият мекемелерине жана телерадиокомпанияларына аза күтүү күнү оюн-зоок иш-чараларын жана берүүлөрүн токтотуу сунушталсын.

Билбегендерге айта кетели. КРнын Реклама жөнүндөгү мыйзамынынын II главасынын 3 пунктунда (Общие и специальные требования к рекламе) “Аза күтүү күнү Рекламага тыйуу салынат” деп турат. Бул тууралуу Антимонополдук комитети да өз сайтында эскерткен.http://www.antimonopolia.gov.kg/index.php?act=view_material&id=1887

Бирок сайттарда, тв каналдарда, радио эфирлерде рекламалар (баннер) берилип жатканын эл айтып жатат.

Ага ылайык “ТМС” радиостанцияларды мониторинг кылып, рекламаларды эмес, аза күтүү плейлисттерине саресеп салды. Саат 16:00гө (17.01.17) алынгам маалымат боюнча кечээтен бери Бишкектеги радиолордун басымдуу бөлүгү маанайшат уктурууларын алып салып комуз, оркестр жана классикалык чыгармаларга эфирден кенен орун беришти. Ал эми: “Лав радио”, “Романтика”, “Атом ФМ”, “Каскад радиосу”, “Манас жаңырыгы” радиолору белгилүү саатарга чейин эфирлерин өчүрүштү. ТМС сиздерге радиолордо түнкү саат 12:00дөн бери көп жаңырып жаткан 10 чыгарманын тизмесин сунуштай.

1. Ала_тоо жазы- Ордо сахна тобу

2. Кошок адам өлбөйт- Дарика Жалгасынова

3. Айтсаң боло- Залина Касымова

4. Эрке сары- Ордо сахна тобу

5. Өмүр- Ордо сахна тобу

6. Эне тил- Жеңишбек Жумакадыр

7. Улуу көч- Асылбек Насирдинов

8. Жыгач комуз- Ордо сахна тобу

9. Сары ой- Ордо сахна тобу

10. Сакта - Кундуз Таштаналиева

Кыргыз Республикасынын аймагындагы радиолор өлкөдө болгон трагедиялуу окуяларга кайдыгер карабай, коом менен бирге азасын тең бөлүшүп жатышат.


 

Көп окумдуу