01-13-2018

740

ТМС менен КТРК эки тараптуу кызматташууга кол койду!

Бүгүн биздин компания өзүнүн чакан тарыхындагы чоң ийгиликке жетишти. Биз, "ТМС" жана мамлекеттин башкы каналы "КТРК", каналга тиешелүү телерадиоканалдардагы музыкалык чыгармалардын статистикасын даярдоо жана мониторинг жүргүзүү боюнча узак мөөнөттөгү келишим түздүк. Жөнөкөй сөз менен айтканда, мындан ары БИЗ КТРКдин Кыргызпатентке берүүчү отчетторун даярдайбыз. Биздин автоматташтырылган технологиябыз алынган маалыматтардын сапатына кепилдик берет. Натыйжасында, мамлекеттин музыкалык индустриясындагы автордук укуктуу коргоо жаатындагы алдыга кадам ташталат. Бүгүнкү күндөгү жасалган жакшы иштин үзүрүн Кыргызпатент дагы, аткаруучулар дагы, авторлор жана композиторлор да жакын арада байкашат жана көрүшөт. Андан тышкары бул жалпы мамлекеттик "Таза Коом" долбоорун ишке ашыруудагы КТРК менен ТМСтин чоң салымы болуп эсептелинет.

Сегодня произошло важное событие в истории нашей компании. Мы, "ТМС" и главный канал страны "КТРК" заключили долгосрочный контракт на мониторинг и подготовку статистики звучания музыкальных произведений на телерадиоканалах КТРК. Простыми словами МЫ будем за КТРК готовить отчеты для Кыргызпатента. Наша автоматизированная технология упрощает и гарантирует качество данных, результатом которых станет новый шаг в сторону соблюдения авторских прав в музыкальной индустрии страны. Естественно и Кыргызпатент, и исполнители, и авторы, и композиторы ощутят позитивные сподвижки сегодняшнего старта. А с другой стороны это неплохой вклад как КТРК, так и ТМС в осуществление странового проекта "Таза Коом"..

Көп окумдуу